Жаңылыктар
Ишкерлерге техникалык регламент жөнүндө түшүндүрүү зарыл
Экономика
Ишкерлерге техникалык регламент жөнүндө түшүндүрүү зарыл

Ишкерлерге 2017-жылдын 12-августунда күчкө кире турчу 18 техникалык регламент жөнүндө жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берүү керек. Мындай талапты премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тишелүү мамалекеттик органдардын алдына койду. 

Өкмөт башчы Техникалык регламенттердин практикалык ишке ашуусу – бүгүнкү күндө эң маанилүү маселелердин бири экенин эскертти. 

Эми жакында 12-августан тарта, өлкө  биримдиктин  дагы 18 техникалык регламентин аткара баштайт. Азыр бул багытта улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү менен ишкерлерге жана жарандарга түшүндүрүү  иштери жүрүп жатат. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"