Жаңылыктар
Чек арадан товар алып өтүүдөгү талон системасы жоюлат
Экономика
Чек арадан товар алып өтүүдөгү талон системасы жоюлат

Буга чейин маалымдалгандай  10-марттан тарта чек арадан товар алып өтүүдөгү талон системасы жоюлат. Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык эми ишкерлер Кыргызстанга алып келе турган товарлары тууралуу алдын-ала маалымат берип турушмакчы. Ал арада бизнес-коомчулугу жаңы эрежелер боюнча өз сунуштарын бере башташты. Ишкер Жылдызбек Базарбаев, маалымат берүүнү интернет- онлайн түрүндө жүргүзүү керек-деген ойдо.

Бул багытта Ай-Ти башкармалыгына атайын тапшырма берилгенин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов билдирди. Анын айтымында,Салык кызматы дагы чек арачылардай эле бажы бекеттериндеги видео байкоого мүмкүнчүлүк алуусу керек.

Жаңы таптипке ылайык, ишкерлер Кыргызстанга товар алып кирсе же тескерисинче ЕАЭБдеги өлкөлөргө алып чыкса каттоодон өтүп салык кызматына маалымат бериши керек.  Андай алдын-ала маалыматы жок болсо, чек арадан токтотулуп,  атайын мобилдик топ чакыртылат. Негизинен  буга чейинки талон системасы өзүн-өзү актабагандыктан жоюлуп, ишкерлер үчүн импорт-экспорт салыгын төлөө шарттары өзгөртүлүп жатат.