Жаңылыктар
Президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилден тест тапшыруусу уланууда
Шайлоо 2023
Президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилден тест тапшыруусу уланууда

Президенттикке талапкерлер мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүшүүдө. Бүгүн түшкө чейин укук коргоочу Рита Карасартова жана экономист Бакыт Дегенбаев тест тапшырышты. 2 саатка созулган сынактын жыйынтыгында Карасартованын кыргыз тилин билүү деңгээли 86 упай деп бааланды. Экинчи болуп тестке кирген Дегенбаев 90 упай алды.
Ушул убакытка чейин президенттикке талапкерлердин бешөө мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билери боюнча "Кыргызтесттин" сынагынан өттү. Алардын ар бири алдын ала бекиген жадыбалдын негизинде тест тапшырып жатышат. 

Мамлекеттик тил сынагынан тестирлөө төрт субтесттен туруп, узактыгы эки саатка чейин созулууда. Анда лексикалык-грамматикалык жазууга 50 мүнөт берилген. Аудио, окуу жана кыргыз тилинде сүйлөөгө 20-25 мүнөттөн бөлүнгөн. Сынакка катышкандар мыйзамга ылайык 60 пайыздан жогору балл алып, жок эле дегенде комиссиянын “ортодон жогору” деген баасына татышы керек. Буга чейин тапшыргандардын эң төмөнкү упайы 61 - эң жогоркусу азырынча 90 болууда.