Жаңылыктар
Бишкекте салттуу эл аралык “Оймо-2017” фестивалы өтүүдө
Маданият
Бишкекте салттуу эл аралык “Оймо-2017” фестивалы өтүүдө

Бишкекте өтүп жаткан салттуу эл аралык “Оймо-2017” фестивалына Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген 120дан ашык кол өнөрчүлөр катышып жатат. 

Фестиваль жылдан жылга кеңейүүдө. Мисалы, быйыл Корея менен Моңголия мамлекеттери конок катары келген. “Оймо-2017” фестивалынын уландысы 1-августтан 6-августка чейин Ысык-Көлдө өтөт. Иш-чаранын негизги максаты - өлкөдөгү кол өнөрчүлүк рынокту өнүктүрүү, каада-салттарды кайра жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу жана Кыргызстандын бермети - Ысык-Көлдү экологиялык жактан таза эл аралык маданий туризм аймагына айландыруу болуп саналат.