Жаңылыктар
Чоң-Алай: курулушка пайызы төмөндөтүлгөн насыялар берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Чоң-Алай: курулушка пайызы төмөндөтүлгөн насыялар берилет

Премьер-министрдин атайын тапшырмасы менен Чоң-Алайлыктарга 7 пайыздык үстөк менен 10 жылдан 15 жылга чейин ипотекалык жана күрөөсүз 3 жылдык мөөнөткө 10 пайыздык үстөк менен курулушка делген насыялар берилет. Оштогу аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү болсо, өз пенсияларынын эсебинен Чоң-Алайлыктарга материалдык жардам көрсөттү. 

Чоң-Алайлыктар үчүн азыр ар бир күн эмес, ар бир саат маанилүү. Жайы кыска, кышы узак бул өрөөндүн тургундары сентябрь айынын соңуна чейин баш-паанек тургузуп, кирип алуунун аракетинде. Май айындагы жер титирөө жарандарга сапаттуу, бекем там салууну эскерткендей. Бул жолу тургундар, мурда колдонбогон курулуш материалдарын пайдаланууда. Архитектура адистери курулуш нормаларынын сакталышына жеринде тыкыр көз салып турат. Уста, Жаңыбай Юсупов инисине кол кабыш кылуу үчүн Бишкектен келген. Азыр мындай курулуш 408 үйдүн короосунда жүрүп жатат. Мунун ичинен 86 үйдүн дубалы тургузулуп, чатырлары жабыла баштады. Буга кошумча аймакта төрт социалдык обьектинин: эки бейтапкана менен эки мектептин курулушу жүрүп жатат. Аймакка премьер-министрдин жеке сүйлөшүүлөрүнүн негизинде курулуш материалдары завод наркында жеткирилүүдө.Эртеңден тартып, аймакка премьер-министрдин тапшырмасы менен “Бирдиктүу терезе” пункту ачылмай болууда.

Бул жерден жергиликтүүлөр, банктар тарабынан берилүүчү насыялар туурасында кенен маалымат ала алышат. Мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыяларды жергиликтүүлөрдүн алды ала башташты.  Кырсыктын запкысын тартып отургандарга жардам көрсөтүүдө Ош облустук аксакалдар кеңеши да четте калган жок. Кыргызстандын коз карандысыздыгынын кышын кынаганга зор салым кошкон бул инсандар, моралдык колдоо менен бирге, материалдык жардам көрсөттү. Болгондо да өз пенсияларынын эсебинен.Улуу муундун өкүлдөрүнүн пикиринде, авариялык абалга кептелген турак-жайлар менен соц.обектерди кыска убактытта калыбына келтирүүгө карата мамлекет тарабынан көрүлгөн камкордук- элеттиктерге чоң дем берген. Чоң-Алай райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, май айындагы жер силкинүүдөн 630 турак жайды авариялык абалда деп тапкан. ӨКМ тарабынан ачылган эсепке түшкөн акча каражатынын эсебинен ар бир үй-бүлөгө 39 миң сомдон акча каражаты бөлуштүрүлүп берилди.