Жаңылыктар
Мигранттардын иштөө шарттары жакшырууда
Кыргызстан жаңылыктары
Мигранттардын иштөө шарттары жакшырууда

Жыл башынан бери Кыргызстанга мигранттар 600 миллион доллардан ашуун акча которду. Бул былтыркы жылдын алты айына салыштырмалуу 146 миллионго көп. Өлкө ЕАЭБдин босогосун аттагандан бери кыргыз жарандары туш болуп келген тоскоолдуктар жоюлуп, Орусияда иштөөгө, жашоого жагымдуу шарттар түзүлгөнү айкын көрүнө баштады. Калыгул Асамбаев кененирээк айтып берет. Айпери Эргешова 3 жыл бою Москвада дүкөндө иштеп, Кыргызстанга жакында гана келген. Бөтөн жерде эмгектенген алгачкы күндөрү менен азыркы учурду салыштырып болбойт. Орусияда иштөөдө эми тоскоолдуктар жок экенин белгилейт. Кайра жол тартууга камынууда.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына таянсак 710 миңге жакын кыргызстандыктар өлкөдөн сырткары иштеп жүрүшөт. Алардын 616 миңи Орусияда. Мигранттар өлкөгө которгон акча каражатынын көлөмү 605 миллион доллар. Бул былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 146 миллионго көп. Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнүн Россияда жарактуу деп табылганы да миграциялык саясаттагы жетишкендик катары бааланууда. Бул жана башка ыңгайлуу шарттар өлкөнүн ЕАЭБге кошулушу менен тыгыз байланышта.Миграция кызматы мындан сырткары Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын дипломдору Орусияда жарактуу экенин билдирүүдө. 

Эмгек мигранттарына салынган салык боюнча да абал жакшырды. Маселен, мурда айлык акысынын 33 пайызын төлөө зарыл болсо, учурда орус жарандары сыяктуу эле 13 пайыз деп көрсөтүлүүдө. Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультативдик борборунда өлкөдөн сырткары иштей турган жарандарга кеңеш берилет. Мигрант “кара тизмеде” бар-жогун да дал ушул кеңседен биле алат. Былтыр кайрылгандардын саны16 миң адамды түзсө, быйыл жарым жылдын ичинде эле 25 миңден ашты.Мигранттарга өзү эмгектене турган өлкөдөгү эрежелер тууралуу маалымат жеткиликтүү болушу үчүн атайын китепчелер даярдалды. Алар темир жол бекети менен аэропортто өлкөдөн сырткары кетип жаткандарга таратылат. Мындан сырткары чек-араларда жайгаштырылган электрондук терминалдардын да маалымат алууда жардамы тиет. Мигранттарга өзү эмгектене турган өлкөдөгү эрежелер тууралуу маалымат жеткиликтүү болушу үчүн атайын китепчелер даярдалды. Алар темир жол бекети менен аэропортто өлкөдөн сырткары кетип жаткандарга таратылат. Мындан сырткары чек-араларда жайгаштырылган электрондук терминалдардын да маалымат алууда жардамы тиет. Мигранттарга өзү эмгектене турган өлкөдөгү эрежелер тууралуу маалымат жеткиликтүү болушу үчүн атайын китепчелер даярдалды. Алар темир жол бекети менен аэропортто өлкөдөн сырткары кетип жаткандарга таратыла.