Жаңылыктар
Кыргызстанда алгачкы ирет куурчактардын көргөзмөсү ачылды
Маданият
Кыргызстанда алгачкы ирет куурчактардын көргөзмөсү ачылды

Кыргызстанда алгачкы ирет куурчактардын көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдө 20дан ашык автордун эмгеги коюлду. Каалочулар үчүн мастер класстар уюштурулуп, чий куурчакты жасоонун сырлары үйрөтүлдү. И-ш-чара Оймо фестивалынын алкагында уюштурулган.

Учурда чий курчак менен ойногон секелектерди кезиктирүү мүмкүн эмес. Чий куурчактар жөн гана оюнчук эмес. Ал эне-баланын мамилесин чыңдап, мыкты тарбия берүүгө данакер болот дейт дизайнер.
Чебер айым 15 жылдан бери биринен экинчиси өткөн сулуу куурчактарды жаратып келет. Анын эмгектерине күбө болгондор тарыхка бир кылчаят. Же алар менен сүйлөшүп жиберчүдөй сезимде калат. Анткени куурчактардын жүзүндөгү эмоциясы даана байкалып, кийген кийими, кооздук каражаттары кылдаттык менен жасалган. Өзгөчө кейипкерлер чеберге интернет аркылуу өткөрүлгөн дүйнөлүк сынактардан байгелүү орундарды алып келген.

Бул жайдан миң түркүн куурчактарды көрүп гана ырахат албай, аны өз колуңуз менен жасоого дагы мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кыргызстанда алгачкы ирет өткөрүлүп жаткан куурчактар көргөзмөсүнүн уюштуруучулары шаар тургундарын керемет дүйнөгө чакырат. Алдыда ар кайсы улуттун жана автордук куурчактардын катарын дагы башка кейипкерлер толуктайт.