Жаңылыктар
Өлкөнүн аймактары боюнча өкмөттүн тапшырмалары кандай аткарылууда?
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн аймактары боюнча өкмөттүн тапшырмалары кандай аткарылууда?

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мекемелерге берилген тапшырмалардын аткарылышына кызыкты. Өкмөт башчысы айрым жетекчилердин иштеги шалаакылыгынан улам көйгөйлүү маселерди чечүү кечеңдеп жатканын белгиледи. Бул Жээнбековдун аймактарга жасаган жумушчу сапарларынын учурунда билинген. 

Өлкөнүн аймактары боюнча өкмөттүн тапшырмалары кандай аткарылып жатканын көзөмөл кылуу багытында өткөрүлгөн жыйынга бир катар мекеме жетекчилери чогулду. Берилген тапшырмалар аткарылбай калган учурлар бар. Маселен, Баткен облусундагы “Метталлург” стадиону үчүн каражат бөлүнгөнү менен аны оңдоо иштери жүргүзүлө элек. Бул объектти Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги өз карамагына өткөрүүнү өтүнүүдө.

Алыскы дубандарда социалдык жайлар эскирген. Алардын ичинде ооруканалар да бар. Капиталдык оңдоого гана эмес, медициналык жабдууларга да муктаж. Өкмөт учурда жол курууга өзгөчө көңүл бурууда. Сапатка байланыштуу талап бар. Баардык каражаттарды максималдуу пайдалануу керек. Маселен, Бишкек-Кара-Балта жолунан алынган эски асфальт айылдын ички жолдоруна төшөлөт.
Көпчүлүктүн баамында ирригацияны өнүктүрүү боюнча программанын кабыл алынышы аткаруу бийлигинин маанилүү кадамы болуп саналат. Суу чарба департаменти аны этап-этабы менен ишке ашырууга киришип жатат.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматына таянсак, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын апрелинен быйыл июнь айына чейин өлкө аймактарына 33 ирет жумушчу сапар менен барган. 215 түрдүү тапшырмалар берилип, алардын 108и толук аткарылды. Калгандары ишке ашырылууда. Жээнбеков коюлган маселелерди чечүү үчүн республикалык бюджетте каражат жетиштүү экенин белгиледи.