Жаңылыктар
Кыргызстандын күрөш боюнча жаштар курама командасы ийгилик менен кайтты
Спорт
Кыргызстандын күрөш боюнча жаштар курама командасы ийгилик менен кайтты

Кыргызстандын күрөш боюнча жаштардын курама командасы Таиландда өткөн Азия биринчилигинде 11 медаль утуп келишти. Алардын бирөө алтын, үч күмүш жана жети коло медаль. 

Мелдешке жалпысынан кыргызстандык 26 спортчу барып, өлкө намысын коргоду. Ал эми командалык жыйынтык боюнча алсак, күрөштүн грек-рим түрү боюнча биздин спортчулар үчүнчү жана эркин күрөш боюнча алтынчы орунду камсыз кылышты. 

“Мен мындай ийгиликти жаратканыма дагы деле ишене албай жатам. Эми келечек алдыда Кыргызстан үчүн күчүмдү жумшайм”,- деди спортчу Нуртазин Керимберди уулу.