Жаңылыктар
Кыргызстан ЕАЭБке кошулгандан бери мигранттардын түйшүгү жеңилдеди
Экономика
Кыргызстан ЕАЭБке кошулгандан бери мигранттардын түйшүгү жеңилдеди

Кыргызстан ЕАЭБке кошулгандан бери мигранттардын түйшүгү кыйла жеңилдеп, абалы жакшырды. Маалыматына ылайык, былтыр алардын 27 миллион сомго чукул эмгек акысы төлөнбөй калса, анын 21 мллион сому өндүрүлүп берилген. Ал эми Орусиянын “кара тизмесиде” 100 миңден ашуун жаран болсо, анын жарымына чукулу чыгарылган. Жыл соңуна чейин дагы 16 миңден ашыгын чыгаруу пландалууда. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө чет жерде эмгектенген мекендештердин негизги көйгөйү эмгек мигранттарынын укугу жана миграциялык мыйзам тууралуу маалыматынын жетишсиздиги болуп саналат. Көбүнчө  иштегендери  акчасын ала албай, адистерге кайрылышат. Жалпысынан былтыр 27 млн сомдон 21 млн сом эмгек акы миграция кызматы тарабынан өндүрүлүп берилген. Ал эми жыл башынан бери  5 ай аралыгында  мигранттар мекенине  605 млн АКШ долларын которушкан.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"