Жаңылыктар
Россиядагы мигранттар "кара тизмеден" чыгарылат
Кыргызстан жаңылыктары
Россиядагы мигранттар "кара тизмеден" чыгарылат

2017-жылдын аягына чейин Россиядагы 16 миң кыргызстандык мигрантты "кара тизмеден" чыгаруу пландалып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев маалымдады. 

Билдирмеге караганда, "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда, Миграция кызматынын аймактардагы өкүлчүлүктөрүндө, чек ара пункттарында электрондук терминалдар уюштурулган. Анда ЕАЭБдин алкагында жумушчу келишимдерди түзүү жана башка эрежелер тууралуу маалыматтар камтылган.

"Биздин көптөгөн жарандар жакынкы жана ыраакы чет мамлекеттерге даярдыгы жок кетип жатышат. Көйгөй жаралбашы үчүн жарандарды атайын маалымат борборлоруна кайрылууга чакырам", — деди Айдаралиев. 

Россиянын мыйзамдарын сактабай "кара тизмеге" кирген мигранттардын 2015-жылдагы саны 180 миңге жеткен. Ал эми 2016-жылы бул көрсөткүч 118 миңди түзсө, 2017-жылы 106 миң болгон.