Жаңылыктар
Рыскулов: Айтматов кезинде бир топ кыйынчылыктарды баштан кечирген
Маданият
Рыскулов: Айтматов кезинде бир топ кыйынчылыктарды баштан кечирген

Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, 2018-жылы залкар  жазуучу Чыңгыз  Айтматовдун 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык деңгээлде белгиленет. Дүйнөлүк атагы бар кыргыздын даңктуу уулунун 90 жылдык маарекесине карата замандаштары эскерет.   

Чыңгыз Айтматов кайра куруу доорунда ойдун эркиндиги, көп пикирдүүлүк тенденциясы башталган кезде бир топ кыйынчылыктарды баштан кечирди. Ошол эле учурда улут мүдөөсүн көздөгөн маселени көтөрүүдө тоодой таяныч  болгону бар. Анан бара-бара элчи катары, улуттук дипломатиянын пайдубалын түптөөнүн башында турду – дейт, Кыргызстандын улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Акбар Рыскулов.

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”