Жаңылыктар
Дүйнөнүн эң бай адамы аталды
Дүйнө
Дүйнөнүн эң бай адамы аталды

"Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос дүйнөнүн эң бай адамы деп аталды. Ал рейтингден "Майкрасофттун" негиздөөчүсү Билл Гейтсти ашып түшкөнүн "Би-би-си" маалымдады. 

"Амазондун" акциялары 2%га өсүп, Безостун байлыгы 2 млрд долларга көбөйгөн. Мындан улам "Амазондун" негиздөөчүсүнүн активдеринин баасы Гейтстин байлыгынан дээрлик бир жарым млрд долларга ашкан. Муну күн сайын жаңыланып турган "Forbes" онлайн-рейтинги ырастады. Акыркы жолу Билл Гейтс тизмеде биринчиликти бир жыл мурда алдырган, анда аны "Zara" соода тармагынын негиздөөчүсү Амансио Ортега эки күнгө ашкан. 

"Амазондун" негиздөөчүсү "Forbes" миллиардерлер тизмеси 1987-жылы түзүлгөндөн бери биринчиликти ээлеген кезекте жетинчи адам болду. "Amazon" - дүйнөдөгү эң ири онлайн чекене соода түйүнү. Ал АКШда, Европа өлкөлөрүндө, Канадада, Кытайда, Индияда, Мексикада, Японияда жана башка өлкөлөрдө иштейт.