Жаңылыктар
Ала-Бука-Аксы-Таш-Көмүр айланма жолу калыбына келтирилет
Экономика
Ала-Бука-Аксы-Таш-Көмүр айланма жолу калыбына келтирилет

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Ала-Бука – Аксы – Таш-Көмүр айланма жолун калыбына келтирүү долбоорун иштеп чыгууну Транспорт жана жолдор министрлигине тапшырды. Бул жолдун үстүңкү катмары толугу менен талкаланып бүткөн. 

Жол чарба департаментинин билдирүүсү боюнча азыр долбоорду иштеп чыгууга  талап кылынган каражат бөлүнүп, жергиликтүү бийлик менен бирге  иштер аткарылууда. 

Ал арада  адистер жолдорго эң чоң зыянды  жүк ташыгандар алып келип жатканын, анткени алар ташылып жаткан жүктүн чыныгы салмагын жашырышарын айтышууда. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"