Жаңылыктар
Медреселерде билим алып жаткандар кошумча кесипке ээ болушат
Кыргызстан жаңылыктары
Медреселерде билим алып жаткандар кошумча кесипке ээ болушат

Мындан ары Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарындагы медреселерде билим алып жаткан жаштарга кошумча кесип үйрөтүлө баштайт. Бул үчүн зарыл болгон шарттар түзүлүп, жаңы жабдуулар таркатылып берилди. Бул жерде башкы максат жаштарды диний-экстремисттик агымдардын азгырыгынан сактап калуу менен бирге үй-бүлөсүн багып кеткидей шарт түзүп берүү болуп жатат.


Ар кандай коркунучтардын алдын -алуу максатында, президент тарабынан 2015-жылы өлкөдөгү диний окуу жайларда окуган жаштар дин туурасында гана билим алуу менен чектелбестен, аларды кесиптик билимдерге да үйрөтүү тапшырмасы коюлган. Пилоттук негиздеги долбоордун экинчи этабында түштүк аймактагы үч медресе тандалып алынды. Тандоо жөн жерден келип чыккан жок, республикадагы 100дөй диний билим берүүчү жайлардын 50 пайыздан ашууну Ош, Жалал-Абад, Баткенде жайгашкан. Атайын тандалып алынган үч кесипти үйрөнүүнү каалагандарга чек коюлбайт.

Окуу август айынан тартып башталат. Долбоорду Кыргызстандагы АКШнын элчилиги каржылап, кесип үйрөнүүгө зарыл болгон жаңы шаймандар менен жабдууларды 550 миң сомдон ашык каражатка сатып берди.  Медреселерде кошумча кесип үйрөнүүнүн киргизилиши менен бирге мында билим алып жаткандарга бир эле учурда эки билимге ээ болуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Бурулай окуган ислам институтундагы кыз-келиндер мындай шартты колдон чыгарбоонун аракетинде.

Ашпозчу-кондитер, компьютерде иштөөчү адис жана тигүүчүлүк кесипке үйрөткөн зарыл шаймандар аймактагы тандалып алынган медреселерге таркатылып берилди. Башкы максат: жаштарды диний-экстремисттик агымдардын азыгырыгынан сактап калуу менен бирге үй-булөсүн багып кеткидей шарт тузүп берүү болуп жатат. Медресе жаштарына кесип үйрөткөн долбоор эки жылга созулат. Андан кийин, кесиптик билим берүүнү медреселер колдо бар шаймандары менен өздөрү улантышы керек.