Жаңылыктар
Хан-Теңири чокусун багындырууга аракет кылган түрк альпинисти каза болду
Кырсык
Хан-Теңири чокусун багындырууга аракет кылган түрк альпинисти каза болду

Белгилүү түрк альпинисти Хакан Кошкун алдын ала маалыматтар боюнча дүйнөнүн жетүүгө кыйын болгон жерлеринин бири Хан-Теңири чокусун багындырууга аракет кылып жаткан учурунда жүрөгү токтоп калып каза тапты. Бул тууралуу альпинисттик клубдун өкүлүнө таянып Daily Sabah кабарлады. 

Кыргызстандын аймагында Кытай менен чектешкен чек арада 7 миң метр бийиктикке чейин ондогон чокулар бар. Анын ичинде бийиктиги 6695 метрге жеткен Хан-Теңири планетанын эң кооптуу чокуларынын бири. Ал курч, учтуу пирамида түрүндөгү формасы менен өзгөчөлөнүп турат. Акыркы беш жылда чокуну багындырууда ар кайсы өлкөлөрдүн ондон ашык альпинисти курман болгон.