Жаңылыктар
Жалал-Абадда таза суу маселеси жөнгө салынууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда таза суу маселеси жөнгө салынууда

2018-жылдын аягына чейин Жалал-Абад шаарындагы таза суу түтүкчөлөрү 70 пайызга жаңыланып,калаа тургундары сапаттуу суу менен камсыз боло башташат. Анткени буга чейин союз учурунда коюлган суу куурларынын эскилиги жетип,авариялык учурлар көп катталып,мындан улам таза суу тартыштыгы пайда боло баштаган. Шаардык суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери күнүгө минтип,жарылган суу түтүкчөлөрүн калыбына келтирүү менен убара. Анткени суу түтүкчөлөр 1950-жылдарга таандык болгондуктан, такыр эле эскилиги жетип, суунун басымына туруштук бере албай калган.Мындан улам авариялык учурлар болбоду дегенде жумасына 10 ирет катталып турат.



Суу түтүкчөлөрдү тынымсыз жамап келген суу чарба кызматкерлеринде жакынкы аралыкта ашыкча түйшүктөрү азайганы турат.Анткени 2014-жылы башталган,тагыраак айтканда,калааны таза суу менен камсыздоо жана суу түтүкчөлөрдү жаңылоо долбоору келээрки жылы аягына чыгат. Долбоордун алкагында калаадагы суу түтүкчөлөрдүн 70 пайызы жаңыланат.Ал эми долбоордун каржылоосу Европа өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн 8 миллион евродон ашуун акча каражатына жүрүп жатат.

Азыркы тапта таза суу долбоорунун жүрүшү 60 пайызга аткарылган. Ал эми бүткөрүү мөөнөтү 2018-жылдын жарымына пландалууда. Кошумчалап кетүүчү жагдай таза суу долбоору башталгандан тартып,100 дөн ашуун жумушчу эмгектенип келет. Буга чейин эскирген суу түтүкчөлөрдүн бат-баттан аварияга кептелишинен улам,калаа тургундарына толук кандуу сууну жеткирүү кыйын болуп келген.Долбоордун аякташы менен ал маселе толугу менен жөнгө салынат. Таза суу долбоорунун алкагында суу эсептегичтерди орнотуу да каралган.Жалпы 9 миңден ашуун суу эсептегич коюуу пландалса,азыркы учурда 3 миңге жакыны коюлуп бүткөн.