Жаңылыктар
Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли аныкталууда
Шайлоо 2023
Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли аныкталууда

Президенттикке ат салышкан талапкерлерден мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган сынак уланууда. 28-июлда тизме боюнча биринчи болуп “Эрк” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу тапшырды. Алтынчы ирет президенттикке талапкерлигин коюп жаткан Бакир уулунун кыргыз тилди билүү деңгээлин компьютер 89 балл деп баалады. 

Экинчи болуп сынакка “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев кирди. Мамлекет башчылык кызматка талапкерлигин биринчи ирет коюп, алгачкы жолу кыргыз тилинен сынак тапшырып жаткан Төрөбаевдин эне тилди билүү деңгээлине кыргызтест 71 упай берди. Тизме боюнча кийинки болуп "Республика-Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жана эл аралык коопсуздук боюнча эксперт Таалатбек Масадыков тест тапшырышат.

“Аз алып калдым, өзүм күнөөлүмүн. Шашып калдым окшойт. Бирок тест өзу жакшы экен”,- деп билдирди президенттикке талапкер Турсунбай Бакир уулу. 

“Тест тапшыруу жакшы жөрөлгө. Мага жакты, муну дагы улантуубуз керек деп ойлойм”,- деди президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев.