Жаңылыктар
Тажикстанда кырсыктарды видеого тартууга тыюу салуу пландалууда
Дүйнө
Тажикстанда кырсыктарды видеого тартууга тыюу салуу пландалууда

Тажикстандын ички иштер министрлиги кырсыктарды видеого тартып алууга тыюу салууну пландоодо. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги кабарлады. 

Билдирүүгө ылайык, өлкөнүн ички иштер министрлиги өрт, сел, көчкү сыяктуу кырсыктарды тасмага түшүрүп алууга чектөө киргизгени жатат. Эгер кимде-ким бул талаптарды аткарбаса ал жазага тартылышы каралууда. 

Тыюу салуунун себебин Тажикстандын ички иштер министрлиги телефонго тартып алган жарандар куткаруучуларга кырсыктын себебин аныктоого тоскоолдук жаратат деп түшүндүрдү.