Жаңылыктар
Президенттикке талапкерлерден мамлекеттик тилден деңгээлин аныктаган сынак уланууда
Шайлоо 2023
Президенттикке талапкерлерден мамлекеттик тилден деңгээлин аныктаган сынак уланууда

Президенттикке талапкерлерден мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган сынак уланууда. Сынактын 3-күнүндө Турсунбай Бакир уулу, Бакыт Төрөбаев, Таалатбек Масадыков жана Өмүрбек Бабанов тест тапшырышты. Бүгүнкү күндүн жыйынтыгы менен мамлекет башчысы болууну каалаган 11 талапкер сынактан өттү. 

28-июлда тизме боюнча биринчи болуп “Эрк” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу сынакка кирди. Алтынчы ирет президенттикке талапкерлигин коюп, төртүнчү жолу тил сынагын тапшырган Бакир уулунун кыргыз тилди билүү деңгээлин компьютер 89 балл деп баалады. 

Экинчи болуп сынакка “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев кирди. Мамлекет башчылык кызматка анын талапкерлигин партиясы көрсөтүп, чоң жарышка биринчи ирет чыгып, алгачкы жолу кыргыз тилинен сынак тапшырып жаткан Төрөбаевдин эне тилди билүү деңгээлине кыргызтест 71 упай берди. 

Күндүн жарымында белгиленген жадыбал боюнча эл аралык коопсуздук боюнча эксперт Таалатбек Масадыков тест тапшырды. Адистиги чыгыш өлкөлөрү жана эл аралык дипломатия. Эки сааттык тестирлөөнүн жыйынтыгында анын мамлекеттик тилди билүү деңгээли 80 баллды түздү.

3-күндө акыркы болуп тест тапшырууга "Республика-Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов кирди. Ал президенттик кызматка өзүн өзү көрсөткөн. Бабановдун кыргыз тилди билүү деңгээлин кыргызтест 94 упай деп баалады. Бул сынак башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. 

Талапкерлердин тил сынагы 1-августта уланып, 10-августта аяктайт. Мамлекеттик тил комиссиясы белгилеген 60 баллдык босого деңгээлден аз упайды азырынча талапкерлердин эч бири ала элек.