Жаңылыктар
Өкмөт жыйынында өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал талкууланды
Экономика
 Өкмөт жыйынында өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал талкууланды

Жарым жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын бардык тармактарында өнүгүү байкалды. Ички дүң продукциянын өсүшү 6 пайыздан ашып, бул Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинде эң жогорку көрсөткүчтү түздү. Өкмөт жыйынында өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал талкууланды. 

Экономика айрыкча айыл чарба, курулуш, жеңил өнөр жай тармактарынын эсебинен өскөн. Жарым жылдын ичинде тышкы сооданын көлөмү 2 миллиард 272 миллион доллардан ашып, былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 16 пайызга жогорулаган. Кыргызстандын импорт менен экспортунун көлөмүндөгү айырмачылыктары жоюлууда. Өндүргөн товарын чет өлкөлөргө сата турган ишкерлерге өкмөт тарабынан колдоо өз натыйжасын берди.

ЕАЭБдин Кыргызстанга берген өткөөл мезгили соңуна чыгууда. 12-августтан тартып биримдиктин алкагында 18 техникалык регламенттери иштей баштайт. Андыктан ишкерлерди ага даяр болууга үндөп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү зарыл.

Өкмөт жыл соңуна чейин салык жыйымдарын 10 миллиард сомго чейин жеткирүүнү максат кылууда. Жыл башынан бери чогулган көлөм 4 жарым миллиардды түзөт. Премьер-министр мындан сырткары өлкөгө тартыла турган түз инвестициянын да мааниси жогору экенин баса белгиледи. Ансыз өнүгүүдөн үмүт кылуу мүмкүн эмес.

Анткен менен жалпылап алганда мамлекеттик органдардын 6 айдагы аткарган иштерине өкмөт башчысы жогору баа берди. Экономиканын өсүү ыргагын сактап калуу керектигин белгиледи.