Жаңылыктар
Окуу башталганга чейин мектептердин жанында атайын белгилер орнотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Окуу башталганга чейин мектептердин жанында атайын белгилер орнотулат

Жаңы окуу жылына убакыт жакындаган сайын өкмөттү окуучулардын коопсуздук маселеси тынчсыздандырууда. Окуу башталганга чейин чоң жолго жакын жайгашкан мектептердин жанында атайын белгилер, жол чырактар орнотулат. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мекемелерге бул иштерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды. Калыгул Асамбаев кененирээк айтып берет.

Окуучулар кабылган жол кырсыктарынын көбөйүшү менен өкмөт бул көйгөйдү жоюунун жолун издегенге киришкен. Премьер-министрдин тапшырмасы менен кеңири изилдөө иштери жүргүзүлүп, мектептердин жанындагы автожолдордо атайын белгилер жетишсиз экени билинген.

Жалпы өлкө боюнча 2087 мектеп бар.
537 мектеп жолго жакын жайгашкан.
535 белги берүүчү светофорлорду орнотуу зарыл.
909 жол белгилери жетишсиз.
174 ылдамдыкка каршы төшөлмө.

Кооптуу жерлердеги бул 537 мектептин 99нун жол коопсуздугу үчүн керектүү инфраструктурасы 22-августка чейин даяр болот. Калгандарында иш 1-январга чейин бүткөрүлөт. Иштин көлөмдүү бөлүгү Транспорт жана жолдор министрлигине жүктөлгөн.

Башталган иштер тууралуу эки ири шаардын мэрлери маалымат берди. Өлкөдө жол белгилери менен жол чырактары жетишсиз. Аларды көбөйтүү үчүн аз эмес акча талап кылынат. Андыктан өкмөт айдоочуларды ылдамдыкты азайтып, этият болууга чакырат.