Жаңылыктар
Гепатит менен алышкандардын саны кыскарууда
Ден соолук
Гепатит менен алышкандардын саны кыскарууда

28-июль - гепатит менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Буга карата Саламаттыкты сактоо министрлиги 24-июлдан баштап бир айлык иш-чараны өткөрө баштады. Калк саламаттыгына кам көргөн министрликтин маалыматында, былтыркы жылга салыштырмалуу 2017-жылдын биринчи жарымында сарык оору менен ооругандардын саны 25%га кыскарган. 

Кыргызстанда гепатиттин В жана С түрлөрү көп тараган. Оорунун жогорку көрсөткүчү Бишкекте, Ошто жана Таласта катталган. Вирустук гепатит - боорду жабыркатат. Ал эпидемиологиялык коркунучка ээ жана түрдүү жолдор менен жугат. Санитардык-гигиеналык таалимдин жоктугу - сарык оорусун жайылтуучу эң негизги себеп. Бул дарттан дарылануу да оңой эмес. 

28-июль - Бүткүл Дүйнөлүк гепатит менен күрөшүү күнү. Буга карата Саламаттыкты сактоо министрлиги 24-июлдан баштап бир айлык иш-чараларды өткөрө баштады. Калк саламаттыгына кам көргөн министрликтин маалыматында, былтыркы жылга салыштырмалуу 2017-жылдын биринчи жарымында сары оору менен ооругандардын саны 25%га кыскарган.

2000-жылдан бери Кыргызстанда гепатиттин В түрүнө каршы төрөт үйлөрүндө эмдөө башталган. Эмделген балдар сарык оорусу менен оорубайт дешет дарыгерлер. Саламаттыктын сакчылары боорду жабырката турган бул оорудан сактаныш үчүн өздүк гигиенаны сактап, биринчи кезекте кир сууну ичпей, колду таза алып жүрүү керек деп эскертишет.