Жаңылыктар
«Кайыңды-Кант» заводуна алып баруучу жол оңдолууда
Кыргызстан жаңылыктары
«Кайыңды-Кант» заводуна алып баруучу жол оңдолууда

«Кайыңды-Кант» заводуна алып баруучу жолдун 500 метри оңдолуп бүттү. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов билдирди. 

Ал эми №42 жол куруучу ишкананын прорабы Ильяс Кыштобаев жолду ремонттоо ишине жалпысынан 13 жумушчу, 8 жүк ташуучу унаа жана автогрейдер, экскаватор тартылганын маалымдады. Ушу тапта жолду оңдоо иши план боюнча жүрүп, кант кызылчасынын сезонуна карата 3 чакырым жолго шагыл төшөлүп бүтөт. 

Эскерте кетсек, бул жолдун курулушу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун "Панфилов - Кайыңды" жолун оңдоо тууралуу конкреттүү тапшырмасынан кийин жүргүзүлүп жатат.