Жаңылыктар
Өзгөн шаарындагы борбордук базарда чыккан өрт өчүрүлдү
Кырсык
Өзгөн шаарындагы борбордук базарда чыккан өрт өчүрүлдү

Өзгөн шаарындагы борбордук базарда чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин Ош облусундагы башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Сабыр Курбанбаев билдирди. 

Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыктан эки жүздөн ашык контейнер ичиндеги товары менен өрттөнүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө жети бригада тартылып, жалын болжол менен жети саатка чукул убакытта өчүрүлгөн. Кырсыктан бир өрт өчүрүүчүнүн бети күйүп, ооруканага жеткирилди. 

Учурда Жарандык коргоонуу комиссиясы тарабынан жумушчу топ түзүлүп, кырсыктын себеби, чыгымы такталууда. Өзгөндүн борбордук базарында өрт чыкканы тууралуу маалымат таңкы 4.50дө түшкөн. Тилсиз жоо 3 сааттан кийин, бүгүн саат 11.34тө толугу менен өчүрүлдү. Болжол менен 2000 чарчы метр аянт өрттөнгөн.