Жаңылыктар
Президентик кызматына аттангандардын саны эми 48ге жетти
Шайлоо 2023
Президентик кызматына аттангандардын саны эми 48ге жетти

Кыргызстандын президентик кызматына аттангандардын саны эми 48ге жетти. БШКга мамлекет башчы кызматына өзүн-өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу дагы эки жарандан арыз түштү. Алар: убактылуу жумушсуз Темиркул Өмүралиев жана Кыргыз Республикасынын өнөр жай, айыл чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо партиясы; КМШ, Балтия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ишкерлеринин жана өнөр жай кызматкерлеринин эл аралык конгрессинин вице-президенти, Кеңешменин мүчөсү Акбаралы Айтикеев болду. 

Жаңы талапкерлерди эске алганда, Борбордук шайлоо комиссиясына 37 жаран өлкө башчы кызматына талапкер катары өзүн-өзү көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал эми он бир талапкер саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн.