Жаңылыктар
"Союз-ФГ" ракетасы Байкоңур космодромунан учту
Кыргызстан жаңылыктары
"Союз-ФГ" ракетасы Байкоңур космодромунан учту

Бишкек шаарынын тургундары 28-июлдан 29-июлга караган түнү Казакстан тараптан ракета сыяктуу жарык көрүнгөнүн айтып, социалдык тармактарга сүрөттөрдү жүктөп, талкуулап жатышкан. Эми бул жарык чындыгында эмне экендиги аныкталды. 

"Союз-ФГ" ракетасы экипаждын үч мүчөсү менен Байкоңур космодромунан Эл аралык космос станциясына учуп кеткендиги тууралуу РИА Новости жазды. "Союз" кемесинин бортунда россиялык космонавт Сергей Рязанский, америкалык астронавт Рэндольф Брезник жана Европалык космос агенттигинин астронавты Паоло Несполи бар. 

Кеме эл аралык космос станциясыда 139 күн болуп, бул убакытта россиялык космонавттардын ачык космоско чыгары пландалууда. Мындан сырткары, экипаждын мүчөлөрү ачык космосто "Орлан-МКС" деп аталган жаңы скафандрды сынашат.