Жаңылыктар
Ажыга барчулардын виза алуу тартиби өзгөрдү
Дин
Ажыга барчулардын виза алуу тартиби өзгөрдү

Ажыга барчулардын виза алуу тартиби өзгөрдү. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдиргендей, 2014-2016-жылдарда ажыга барып, быйыл дагы экинчи же үчүнчү ирет зыяратка барчулар эми виза үчүн кошумча 2000 риал, же 540 доллар кошумча төлөшү керек. 

Мындай өзгөрүүлөр Сауд Арабиянын Министрлер кеңеши кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык киргизилүүдө. 

"Биз дагы бул жаңылыкты 27-июлда уктук. Эки күндөн бери мурда ажыга баргандардын санын аныктап, кандай шартта төлөй турганын тактап жатабыз. Арабияда жума жана ишемби дем алыш болгондуктан, толук маалыматты ала элекпиз. Орусия, Казакстан жана жакынкы кошуна өлкөлөрдүн муфтияты менен байланышып, алар дагы ушул маселенин үстүнөн иштеп жатышканын билдик. Ал эми быйыл биринчи жолу зыяратка барып жаткан ажылар 540 АКШ долларын төлөшпөйт," - деп айтылат маалыматта. 

Муфтийдин орун басары Замир Ракиевдин айтымында, быйыл экинчи же үчүнчү ирет ажыга барчулардын саны жүзгө чукул. Быйыл кыргызстандык 4 миң 585 жаран ажылык сапарга аттанат. Зыяратчылардын алгачкы тобу 7-августта Меккеге учуп кетишет.