Жаңылыктар
Нарындын Жумгал жана Кочкор райондорунда жер титирөө катталды
Кырсык
Нарындын Жумгал жана Кочкор райондорунда жер титирөө катталды


Нарындын Жумгал жана Кочкор райондорунда жер титирөө катталгандыгын ӨКМ Кыргызстандын Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди. Маалыматка ылайык, 29-июлда саат 11.33тө жер силкинип, күчү төрт баллга жеткен. 

Тагыраак айтканда, Жумгал районунун борборунда 4 балл, Кызарт, Таш-Дөбө, Чоң-Дөбө, Жаңы-Арык айылдарында 3,5 балл, Куйручук, Баш-Кууганды, Кызыл-Туу, Кызыл-Эмгек, Түгөл-Сай айылдарында 3 балл, Чаек, Байзак айылдарында 2,5 балл болгон. 

Ал эми Кочкор районунун Кара-Мойнок, Кызыл-Дөбө, Мантыш айылдарында 3 балл, Чолпон жана Ортокто 2,5 балл деп катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жаракат алгандар жок.