Жаңылыктар
"Оймо-2017" фестивалы Ысык-Көл жээгинде уланат
Маданият
"Оймо-2017" фестивалы Ысык-Көл жээгинде уланат

Бишкекте "Оймо-2017" фестивалынын жабылышы болду. 27-июлдан 30-июлга чейин уюштурулган жарманкеге бир канча өлкөлөрдөн келген 150 кол өнөрчүнүн колунан чыккан буюмдар коюлган. 

Ордо калаанын тургундары жана меймандары көргөзмөдөн Өзбекстандын атактуу жибегинен тарта бейкасам чапандарын, түркүн-түстүү оймолор салынган табактарды, кыргыздын кийизден жасалган улуттук кийимдерин жана буюмдарын кезиктиришти. 

Бул маданий иш-чара 2006-жылдан тарта өтүп келет. Салт боюнча, фестиваль Бишкекте башталып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланат. Дүйшөмбү күнү кол өнөрчүлөр кыргыз берметинин жээгинде болушат.