Жаңылыктар
"Кентавр" тасмасы Астана кинофестивалында эки сыйлыкка ээ болду
Маданият
"Кентавр" тасмасы Астана кинофестивалында эки сыйлыкка ээ болду

Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Астана шаарында өткөн "Евразия" Эл аралык кинофестивалында эки сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу продюсер Алтынай Койчуманова билдирди. 

Анын айтымында, тасма "Эң мыкты режиссерлук иш" жана Азия киносун жайылтуу боюнча эл аралык тармактын атайын байгеси болгон "НЕТПАК" сыйлыктарына татыды. "Евразия" фестивалынын негизги сынагында "Кентаврдан" тышкары, Испания, Израиль, Грузия, Вьетнам, Индонезия, Кытай, Азербайжан, Түркия, Түштүк Корея, Россия жана Казакстан мамлекеттеринин тасмалары көрсөтүлдү. Бул кинофестиваль Борбордук Азиянын ири кинофоруму. 

Негизги максаты — Казакстандагы кино жаатын өнүктүрүү жана Азия менен Европанын ортосундагы кызматташууну жакшыртуу. Фестиваль биринчи жолу 1998-жылы өткөрүлүп, анда Актан Арым Кубаттын "Бешкемпир" тасмасы баш байгеге ээ болгон. "Кентавр" — өз элинин улуттук баалуулуктары сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу тасма.