Жаңылыктар
Өкмөт жыйынында өлкөдөгү экономикалык-социалдык абал талкууланды
Экономика
Өкмөт жыйынында өлкөдөгү экономикалык-социалдык абал талкууланды

Жарым жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын бардык тармактарында өнүгүү байкалды. ИДПнын өсүшү 6 пайыздант ашып, бул ЕАЭБке кирген өлкөлөрдүн ичинде эң жогорку көрсөткүчтү түздү. Акыркы эки жылда экспорт импортко салыштырмалуу бир топ пайызга жогорулады. 

Кыргызстан ЕАЭБге кошулган соң эмгек мигранттарынын абалы 10 позиция боюнча жакшырган. Алар 30 күндүн ичинде интеграциялык биримдиктин өлкөлөрүнүн аймагында каттоосуз жүрө алышат. Муну менен бирге ишке кабыл алуу шарттары кыйла жакшырды. Эми ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеген кыргызстандыктар социалдык жана медициналык камсыздандырууга укуктуу. Мындан тышкары, ЕАЭБ аймагында жогорку билим тууралуу дипломдорубуз таанылат. Орус тили боюнча сынактан өтүүнүн зарылдыгы жок.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"