Жаңылыктар
Кыргызстан: өзбек жарандары өлкөдөн депортация болуп кетүү алдында турат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан: өзбек жарандары өлкөдөн депортация болуп кетүү  алдында турат

Кыргызстандагы миңдеген өзбек келиндер өлкөдөн депортация болуп кетүү  алдында. Бул аялдар Кыргызстан атуулдарына эбак эле турмушка чыкканы менен  алигиче жарандык алыша элек. Кыргызстанда мындай келиндерди өзбекстандык  келиндер деп атап коюшат жана саны 10 миңдеп саналат. Жарандык албагандыгы үчун алар билим ала алышпайт, социалдык  жана медициналык жеңилдиктери жок. Булар бийликтен эч кандай жардам берилбеген  адамдардын катарына киришет. Болгону нике күбөлүгү гана берилет. 

Өзбек паспортун четке кагуунун дагы кесепеттери бар. Анын үстүнө мыйзамга ылайык, Өзбекстан жарандыгынан баш тартуу жөнүндөгү чечимге аталган өлкөнүн президентти  өзү кол коет. Бул маселени кароо болсо жылдар бою создугуп да кетиши мүмкүн. Мындан сырткары өзбек келиндери өздөрү да кыргыз паспортун алууну туура көрүшпөйт. Анткени ата-энесине жана бир туугандарына каттоо үзүлүп телеграмма аркылуу гана барып калабыз дешет.

Талгат Бакиев, "Биринчи радио"