Жаңылыктар
Ысык-Көл облусундагы жол кырсыгынан бир адам каза болду
Кырсык
Ысык-Көл облусундагы жол кырсыгынан бир адам каза болду

Кечээ, 30-июлда таңкы саат 5:00дөр чамасында Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында жол кырсыгы катталды. Анда Subaru үлгүсүндөгү эки машина кагышып, бир адам каза болгон. Ал Ысык-Көлдө каза болгон жаран НТС телеканалынын журналисти Айбек Айтбаев экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине кесиптештери тастыкташты.

"Бизге ал университетти аяктары менен эле келген. Штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштечү. Ал өзүнүн тырышчаактыгы менен эсибизде калды. Октябрда 23 жашка чыкмак", — деп кесиптештери билдиришти.

Автоунаалар катуу кагышып, темирлери мыйрыйып кеткендиктен маркумдун сөөгүн бир сааттай чыгарышкан.

Ысык-Көл облустук ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгы жол кырсыгы боюнча маалыматка азырынча түшүндүрмө бере элек.