Жаңылыктар
Өкмөт башчы экспортчуларды ардак грамоталар менен сыйлады
Экономика
Өкмөт башчы экспортчуларды ардак грамоталар менен сыйлады

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков экспортчуларды сыйлады. Өндүргөн товарын өлкөдөн сырткары саткан ишканалардын жетекчилерине өкмөттүн ардак грамоталары жана алкыш баракчалары тапшырылды. 

Быйылкы жарым жылдын жыйынтыгы менен былтыркы алты айга салыштырмалуу экспорттун көлөмү 30 пайызга жогорулаган. Экспортчулар айрымдары эми мамлекеттик сыйлыктарга да көрсөтүлөт.

“Эң негизги экспортту көбөйткөнгө сиздердин салымыңыздар чоң. Биздин Кыргызстандан жасалган деген бренд менен”,- деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.