Жаңылыктар
Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышуудан баш тартпастыгын билдирди
Шайлоо 2023
Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышуудан баш тартпастыгын билдирди

Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодон кийин премьер-министрлик кызматка дайындалыш үчүн шайлоого катышуудан баш тартат деген сөздөр чындыкка жатпайт. Бул тууралуу ал өзү бүгүн журналисттерге билдирди. Ал ошондой эле кимдир бирөө менен тандемге бара турган планы жок экенин, шайлоого аягына чейин катышарын айтты. 

Бабанов социалдык тармактар менен интернет айдыңында күчөп жаткан мындай кептерди саясий атаандаштарынын шайлоо алдындагы “кара пиары” деп атады. Ал алдыдагы шайлоо ачык өтүп, элдин тандоосу гана аткарыларына ишенерин билдирди. Ошол эле маалда башка саясатчылар менен биригүүгө даярдыгын айтты.

“Ой пикирибиз келишсе, биригүүдөн баарыбыз утабыз. Ынтымак бар жерде ырыс бар дегендей. Экичиден менин талапкерлигимди алып салып, премьер-министрдин ордуна барат экен деген өзгөчө сөз тарап атпайбы. Бул туура эмес. Мен эч качан чечимден кайткан эмесмин. Акырына чейин барам”,- деп билдирди президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов. 

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Талапкер болуп катталам деп Боршайкомго арыз бергендердин саны 50дөн ашты.