Жаңылыктар
Ч.Турсунбеков өлкөнүн туруктуулугу үчүн президенттик жарышка катышпайт
Шайлоо 2023
Ч.Турсунбеков өлкөнүн туруктуулугу үчүн президенттик жарышка катышпайт

Чыныбай Турсунбеков президенттик жарышка катышпайт. Жогорку Кеңештин төрагасы мындай чечимди өлкөнүн туруктуулугу үчүн кабыл алганын маалымат жыйынында билдирди. Ал бир топ саясий күчтөр, анын ичинде оппозиция өкүлдөрү менен кеңешип, президенттик шайлоодо парламент арбитрлик кылышын камсыздоо үчүн Жогорку Кеңештин спикери кызматында кала турганын билдирди. 

“Президенттик шайлоодон кийин бийлик алмашат, өкмөт отставкага кетет. Жогорку Кеңеш арбитрлик милдетти аткарышы керек. Мен ошол ишти жасайм”,- деди Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков. 

Турсунбеков КСДПнын 15-июлдагы курултайында президенттик жарышка өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу катышуу ниетин билдирип келген.