Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков экспортчуларды сыйлады
Экономика
Сооронбай Жээнбеков экспортчуларды сыйлады

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков экспортчуларды сыйлады. Өндүргөн товары өлкөдөн сырткары сатылган ишканалардын жетекчилерине ардак грамоталар менен мактоо баракчалары берилди. Быйылкы жарым жылда өткөн жылдын алгачкы алты айына салыштырмалуу экспорттун көлөмү 30 пайызга жогорулаган. Өкмөт башчысы товар экспорттоонун өлкө экономикасы үчүн мааниси жогору экенин белгилеп, көрсөткүчтү дагы жакшыртууга шарттар түзүлөрүн билдирди. 

Ишкерликти өнүктүрүп, экспорттун көлөмүн жогорулатуу Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуудагы негизги максаттарынын бири. Бизнес өкүлдөрүнө жеңилдетилген насыя берүү, тышкы рыноктор тууралуу маалымат менен камсыз кылуу, текшерүүчү органдардын мыйзамсыз аракеттеринен калкалоо өңдүү жардамдар менен бирге, чек-арадагы көзөмөл өткөрмө пункттары да жаңыланууда. Бул товарды сыртка чыгаруудагы тоскоолдуктарды жоюуга байланышкан. Андыктан өкмөт экспортчулардын гана эмес, өткөрмө пунктту жаңылаган ишкананын да эмгегин жогору баалады.

Экспортчуларга шарт түзүү үчүн коюлган өкмөттүн талабын орундатып жаткандыктан ишкана жетекчиси өкмөттүн ардак грамотасына ээ болду. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ишкерлерге, товарын өлкөдөн сырткары алып чыккандарга тоскоолдук болбошу керек экенин кайталап келатат. Мамлекеттин колдоосу мындан ары да уланат.Өкмөт, Улуттук статистикалык комитет экспорттун көлөмү алгачкы ирет жогорку көрсөткүчкө ээ болгонун кабарлоодо. Анда айрыкча айыл чарба, жеңил өнөр жай тармактарынын орду жогору. 

Сыйлык алган экспортчулардын катарында женил өнөр жайынын, кен казуу тармагынын, айыл чарба азыктарын кайра иштеткен ишканалардын жетекчилери бар. Мамлекет бизнестин бардык түрлөрүнүн өнүгүүсүнө кызыкдар. Өлкө экономикасына ишкерлик менен салым кошкондордун эмгектери унутулбайт. Эми бизнес чөйрөсүнүн айрым өкүлдөрү мамлекеттик сыйлыктарга да көрсөтүлөт.