Жаңылыктар
Майлуу-Суудагы электролампа заводу жарык-диоддук продукцияны чыгара баштады
Экономика
Майлуу-Суудагы электролампа заводу жарык-диоддук продукцияны чыгара баштады

Майлуу-Суудагы электролампа заводу жарык-диоддук продукцияны чыгара баштады. Ал электр энергиясын үнөмдөө менен экологиялык талаптарга жооп берет. Көпкө кызмат кылып, ультра-кызгылт нур чыгарбайт. Мындан сырткары, бул завод кадимки лампаларды чыгарып келет. Бирок, адистердин айтымында, ишкананын продукциясын өндүрүүдө бир аз көйгөйлөр бар. 

Майлуу-Суудагы лампа заводу СССР учурунда эң ири ишканалардын катарына кирчү. Союз таркагандан кийин заводдун иши жакшы жүрүшпөй калган. Бирок, тоскоолдуктарга карабай бул жердин эмгек жамааты жабдыктарды, ишкананын имаратын жана эң негизгиси - өндүрүштү ийне-жибине чейин билген адистерди сактап калган. 

Майлуу-Суунун жашоочусу Калбү Жунушева жолдошу менен 25 жылдан бери лампа заводунда эмгектенишет. Ал лампалардын таңгактарын жасайт. Анын айтымында, 2009-жылы ишканадагы шарттар бир топ жакшырган. Иш күпүлдөп жүрүп турат. Эмгек акы да өз убагында берилүүдө дейт. 

Заводдун кубаттуулугу бир жылда 400 миллион лампа чыгарууга ылайыкташкан. Бирок, акыркы эки-үч жылда ишкана 180 миллион даана лампа чыгарган. Көйгөй сатып өткөрүүдө. Мисалы, 2014-жылга чейин Өзбекстан жылына 40 миллион даана лампа сатып алып турган. Кийинчерек, белгилүү себептер менен кошуна өлкө лампа сатып алууну токтоткон. Бирок, жумуш токтоп калган жок. Туруктуу буюртма берүүчүлөр бар. 

Сатып өткөрүү көйгөйүн чечүү максатында, адистер рынокту изилдеп көрүп, жарык-диоддуу лампаларды чыгарууну баштады. Ал электр энергиясын үнөмдөө менен экологиялык талаптарга жооп берет. Көпкө кызмат кылып, ультра-кызгылт нур чыгарбайт. Эми жарык-диоддуу лампаларды жасоону автоматташтыруу үчүн жаңы жабдыктарды сатып алуу пландалууда. 

Азыр Майлуу-Суу электр лампа заводу 2 миңден ашуун адамды жумуш менен камсыз кылат. Бул завод лампа чыгаруу боюнча Борбордук Азия аймагынын флагманы бойдон калууда. Продукцияны ЕАЭБдин базарына чыгарууга да эч кандай тоскоолдуктар жок. Анткени, Майлуу-Суунун лампалары совет учурунда эле сапаты боюнча эч кимди алдына салдырбай келген. Демек, сатуудагы көйгөйлөр да чечилмек.