Жаңылыктар
Айтматов жөнүндө “Ак жарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу тарыхый роман жазылды
Маданият
Айтматов жөнүндө “Ак жарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу тарыхый роман жазылды

Дүйнөлүк атагы бар кыргыздын даңктуу уулу Чыңгыз Айтматов жөнүндө “Ак жарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу тарыхый роман жазылды. Жазуучунун  өмүрү, чыгармачылыгы жана ал жашаган доор камтылган роман трилогиянын кол жазмасы басма даяр турат.

Автору буга чейин Касым Тыныстанов, Жоомарт Бөкөмбаев жөнүндө тарыхый роман жазган Самсак Станалиев. Негизи көзүн көрүп, аралашып калган инсан тууралуу чыгарма жазуу өтө кыйын, ошондой болсо да калемдештердин сунушу менен киришип калдым - дейт, Самсак Станалиев. 

Самсак Станалиев, Чынгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” деген соңку романын кыргыз тилине которгон. Эми залкардын өмүрү жана ал жашаган доор тууралуу тарыхый романы каражаты табылган окурман журтка жеткени турат. Маекти аудиодон укса болот.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"