Жаңылыктар
Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында тарыхый чоң ачылыш күтүлүүдө
Маданият
Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында тарыхый чоң ачылыш күтүлүүдө

Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айылындагы Кочкор-Башы шаарынын полу 6 метр тереңдиктен чыкты. Бул тууралуу "Турмуш" сайтына тарыхчы Кайырбек Коңурбаев билдирди. 

Кум-Дөбө айылы тууралуу кызыктуу тарыхый фактылар аныкталды Дөбө айылындагы жер алдында калган шаарды казуу иштери улантылып жатат. Казуу учурунда куралдар, буюмдар жер астында 1 миң жылдан ашык жаткан өзгөчө кыштар, байыркы доорго тиешелүү сөөк, артефакт жана петроглифтер табылган. 

"Ыйман, адеп жана маданият" жылына карата чоң ачылыш болгону турат. Учурда казуу иштери улантылып, ал Түркия мамлекетинин түрк кызматташтык жана координациялык ТИКА агенттиги жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин кызматташтыгында ишке ашырылууда. 

"Жакынкы күндөрү археолог жана тарыхчылар менен бирге жер алдында эмне жатканы аныкталат», - деди Коңурбаев.