Жаңылыктар
Видео көзөмөл аркылуу түшкөн айып пулдун жарымы жергиликтүү органдарга түшөт
Кыргызстан жаңылыктары
Видео көзөмөл аркылуу түшкөн айып пулдун жарымы жергиликтүү органдарга түшөт

Көчөлөрдө орнотулган атайын видео-фото көзөмөл жабдыктары аркылуу түшкөн айып пулдун жарымы жергиликтүү органдарга түшөт. Бул тууралуу токтомго Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Андан республика аймагындагы жолдордо, көчөлөрдө орнотулган атайын видео-фото көзөмөл жабдыктары аркылуу катталган жол эрежелерин бузгандардын адмнистративдик айып пулдарынан түшкөн каражаттын 50 пайызы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджеттерине которула тургандыгы белгилүү болду. 

Муну менен өкмөт бүт өлкө боюнча фото-видео каттоо системасын киргизүүнү тездетүүнү жана айдоочулардын тартибин жана жолдордогу коопсуздукту кыйла жогорулатууну максат кылган. Буга чейин Коопсуздук кеңешинин” отурумунунда да «Коопсуз шаар» долбоору жанданып, пилоттук долбоор катары Бишкектеги 2 көчөгө видео-байкоолор орнотула тургандыгы белгилүү болгон. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"