Жаңылыктар
Баткен: шахтадан эки адам каза болду
Кырсык
Баткен: шахтадан эки адам каза болду

Шахтадан көмүр казып жаткан эки адам газга ууланып каза болду. Окуя кечээ Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы №5 көмүр шахтасында орун алган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов  билдирди. 

Өз алдынча көмүр өндүрүү аракетин көрүп жатып каза болгондор Ноокат районунун 31 жаштагы тургуну Алтынбек Эрматов жана 25 жаштагы Улукбек Эрматов. Иске ууланган Кызыл- Кыя шаарынын тургунуна медициналык жардам көрсөтүлүп, учурда анын ден-соолугу дарыгерлердин көзөмөлүндө.