Жаңылыктар
Бишкекте улгайган адамдар үчүн компьютердик курс ачылды
Билим
Бишкекте улгайган адамдар үчүн компьютердик курс ачылды


Карылардын компьютердик сабаттуулугун жоюу үчүн Бишкекте атайын компьютердик курс ачылганын Кызыл жарым ай коому билдирди. Маалыматка ылайык, аталган коомдун ыктыярчылары улуу муундагыларга ноутбукта иштегенди, интернетке киргенди үйрөтүшөт. 

"Пенсия курагына келип калган ата-апалардын компьютердик сабаттуулугун жоюу менен биз аларга заманбап жашоого жол ачабыз. Кыргызстандын да кары-картаңдары өздөрүнүн балдары, неберелеринен кем калбай интернет тууралуу түшүнүк алышы керек", — деп жазылат маалыматта.