Жаңылыктар
Бишкектин жолдорун оңдоо кызуу жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин жолдорун оңдоо кызуу жүрүүдө

Бишкек шаарынын түштүк айланма жолундагы көпүрөнүн курулушу менен бул аймактагы жол тыгындары кыйла кыскарат. Учурда Токомбаев көчөсүндөгү көпүрөнү куруу жана анын тегерегиндеги 1 чакырымга жакын жолду салуу иштери кызуу жүрүп жатат. 

Бул жумуштар менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков таанышты. Тийиштүү ченемдерге ылайык салынып жаткан көпүрөнүн узундугу 54 метр ал эми жазылыгы 15 чарчы метр. Көпүрөнү салуу жумуштары Бишкектин жол түйүндөрүн куруу концепциясында камтылган. Анын алкагында муну менен бирге дагы калаада 6 көпүрө салынып жатат жана учурда 32 көчөнүн жолдорун оңдоо жумуштары ыкчам жүргүзүлүүдө. 

Сооронбай Жээнбеков бул жумуштарды аткарууда сапатка көңүл буруу зарылчылыгын белгиледи. Ошол эле маалда Бишкекте кичи райондордун ичиндеги анча узун эмес чакан жолдор да оңдолуп жатат. Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын жол түйүндөрүн куруу концепциясынын биринчи фазасында жүрүп жаткан бул жумуштар Кытай мамлекети тарабынан берилген гранттын негизинде аткарылып жатат.

“12- кичи райондо жаңы көпүрөнүн курулушу, түштүк айланма жолдун 2 көпүрөсү бул көпүрө 12 - кичирайондогу Алмата көчөсү менен бириктирүүчү 4 маанилүү көпүрөнүн бири. 1 км асфальт жол төшөлүп шаардын түштүк тарабынанда транспорт тыгындары азаят",- деди Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиев.