Жаңылыктар
Чаткалдагы “Фонта” ишканасында алтын уурдалгандыгы аныкталды
Кылмыш
Чаткалдагы “Фонта” ишканасында алтын уурдалгандыгы аныкталды

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы “Фонта” ишканасында алтын уурдалганын аныктады. Кен иштеткен ишкана Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан. 

Компания алтын казуу иштерин “Сулу-Тегерек” жана “Куру-Тегерек” кендеринде жүргүзүп келген. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ишкана өз баяндамасында тоо кени 1 миң 317 чарчы метрди түзөөрүн белгилеген.



Бирок текшерүүнүн жыйынтыгында “Куру-Тегерек” кен жатагынын аймагы 2 миң 255 чарчы метрден ашык жерди ээлери белгилүү болгон. УКМКнын билдирүүсү боюнча, алтын казылуучу аймактын аянты атайын азайтылып жазылган. Эсеп боюнча кен жатагынын көлөмү миң чарчы метрге кемиген. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.