Жаңылыктар
Биринчи май райондук сотунун айланасындагы жашоочулар митингчилерге нааразы
Кыргызстан жаңылыктары
Биринчи май райондук сотунун айланасындагы жашоочулар митингчилерге нааразы

Биринчи май райондук соту жайгашкан аймактын жашоочулары Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги маалындагы ызы-чуу жана таштанды үчүн нааразычылыгын билдирүүдө. 

Жашоочулардын айтымында ызы-чуу, кыйкырык ыңгайсыздыктын бир эле чети. Көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары өз үйлөрүнө жете албай калат. Себеби, митингчилердин унаалары жолду тосуп калат. Нааразычылык акцияларынан кийин айлана таштанды чылымдын калдыктары, ичимдиктин шишелерине толуп калат. 

Митинг катышуучулары көпчүлүк учурда туш келди жерди даараткана катары пайдаланышат. Жакында Чуйковдун үй-музейинин айланасын тосууга туура келген. Адистер митингчилер тартипти сакташы керек, болбосо бул аракеттер бейбаштык жана санитардык нормаларды бузуу катары бааланышы мүмкүн экенин эскертишет. Соттун тегерегинин жашоочулары соттун төрайымы Айнура Сатарованын атына арыз менен кайрылып, митингчилерге карата чара колдонуунун өтүнүшкөн.