Жаңылыктар
Өкмөт: насыянын көлөмүн 20 миллиард сомго жеткирүү мерчемделүүдө
Экономика
Өкмөт: насыянын көлөмүн 20 миллиард сомго жеткирүү мерчемделүүдө

Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн негизги багыты - агрардык сектор болуп эсептелет. Бул республиканын  региондорундагы жергиликтүү тургундардын  турмушун жакшыртарын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн отурумунда белгиледи. Агрардык тармакты жакшыртуу үчүн өкмөт дыйкан фермерлерге бериле турган жеңилдетилген насыялардын көлөмүн көбөйтүүгө негизги көңүлдү бурууда. Келечекте насыянын көлөмүн 20 миллиард сомго жеткирүү мерчемделүүдө.

Кыргыз өкмөтү агрардык тармакты өнүктүрүү максатын көздөйт. Ошондуктан жеңилдетилген насыянын көлөмүн келечекте 20 миллиард сомго жеткирүүнү  мерчемдөөдө. Бул алдыдагы жылдарда айыл чарбасы ар тараптуу өнүгөт дегенден  кабар берет дешет адистер.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"