Жаңылыктар
Өкмөт башчы “Ак-Ордо” конушундагы мектептин курулушу менен таанышты
Билим
Өкмөт башчы “Ак-Ордо” конушундагы мектептин курулушу менен таанышты

“Ак-Ордо” жаңы конушунда курулуп жаткан орто мектеп 1-ноябрда пайдаланууга берилет. Учурда 960 окуучуга ылайыкталган мектепти куруу жумуштары ыкчам ишке ашырылып жатат. Былтыр курулушу башталган мектептин учурда эки окуу корпусунун 80 пайыздык жумуштары аяктап калды. 

Бул иштерге өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков күбө болуп, жаңы билим уясындагы жумуштар менен таанышты. Эми имараттын ичи жасалгаланат жана инженердик жумуштар аткарылып, жылытуу системасы орнотулат. 

Ошол эле учурда курулуш иштери менен чогуу имараттын короосуна кошумча сабактарга ылайыкталган устаканалардын да курулушу жүрүп жатат. Мектептин жалпы сметалык наркы 239 миллион сом деп эсептелген.