Жаңылыктар
ЕАЭБ базарындагы жаңыча талап
Экономика
ЕАЭБ базарындагы жаңыча талап

2017-жылдын 12-августунан баштап, ЕАЭБдин 18 техникалык регламенти ишке кирет. Мында, экспортко чыга турган товардын өндүрүү, эксплуатация, жеткирүү жана сактоо коопсуздугу талап кылынат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов өкмөттө өткөн маалымат жыйында билдирди. Ал кандай техникалык регламенттер жана Кыргызстан бул өзгөрүүлөргө даярбы Актилек Гүлжигит кызы айтып берет.

Азыр Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар ЕАЭБ өлкөлөрүнө 16 техникалык эреже талаптын негизинде экспортко чыгарылууда. Ал эми 12-августтан баштап, дагы 18 техникалык регламент күчүнө киргени турат. Вице-премьер-министр Олег Панкратовдун айтымында, техникалык регламенттер ишкерлердин айрым көйгөйлөрүн чечип, иш жүргүзүүгө бир топ ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Жаңы техрегламенттер тамак-аш, таңгактоо, лифт, темир жол жана оюнчук коопсуздугуна тиешелүү. Ар бир регламенттин ишке ашуусуна түрдүү мамлекеттик ишканалар жооптуу болуп дайындалган. Мисалы, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тамак-аш коопсуздугу боюнча 7 техникалык регламенттин ишке ашуусун көзөмөлдөйт. Мындан сырткары, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тиешелүү регламенттерге жооптуу.

Демек, 12-августтан баштап, ишкерлер атайын сертификаттардын негизинде иштеши керек. Ал эми ЕАЭБдин талаптарына жооп берүүчү продукцияны чыгаруу үчүн лабораториялар маанилүү ролду ойнойт. Мындай лабораторияларды курууга бюджеттен 52 миллион сом бөлүнгөн. 12 лаборатория август айынын аягына чейин ишке кирет. 

Азыр ЕАЭБ рыногуна Кыргызстандан 28 ишкана өз продукциясын өткөрө алат. Былтыры болсо, тизмеде 16 гана ишкана болчу. Жакында дагы 8 компания кошулуу алдында турат. Ал эми 2019-жылдан тарта ЕАЭБдин дагы бир кошумча талабы күчүнө кирет.